БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Эртең Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуунун долбоору киргизилет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги жаңы стадиондун курулушуна капсула салып жатып айтты.
Ал бир айдын ичинде Тажикстан менен чек ара маселеси толугу менен чечилерин белгиледи.
"Эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин кайрадан парламентке алып келип, чоң жыйында ратификациясын өткөрөбүз. Ратификациядан өткөн мыйзамдарга президенттер кол коюп, күчүнө кирет. Бул жумуштун баары бир айдын тегерегинде бүтөт", — деди Камчыбек Ташиев.
Жакында Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов мамлекеттик чек ара боюнча макулдашуунун протоколуна кол койгон.