27-февралга карата аба ырайы

27-февралга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткү пайда болушу ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бейшембиде республиканын айрым жерлерине кар жаап, туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта 0…+5, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл аймактарында +2…+7, Баткен аймагында +1…+6, Нарын жергесинде -1…+4 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +2…+4, Ош шаарында +4…+6 градусту көрсөтөт.
ӨКМ: өлкөнүн тоолуу аймактарында жана ашууларда кар көчкү кооптуулугу бар