Улуу Жеңишке быйыл 80 жыл! Бирок тилекке каршы биздин келечек муун бул тууралуу кенен биле бербейт. Кыргыз ССринен аттанып, 74 адамдын Советтер Союзунун баатыры деген жогорку наамга татыганы да азыркы жаштар үчүн жеткиликтүү маалымат эмес. Тарых да эскиреби? Болбосо балдарга эмнге тарыхтын бул барактары тереңдетип окутулбай келет? Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу биздин балдарыбыз эмнени билиши керек? Мектептерден сырткары бул темага чоңдор, биз кандай таасир эте алабыз? Ушул жана башка суроолорубузга 40 жылдан ашуун иш тажрыйбасы бар педагог, билим берүү боюнча эксперт Дүйшөн Батырбеков жооп берди.