Эмнеге окуучулар арасында зомбулук фактылары көбөйдү? Ички иштер министрлиги кандай аракеттерди көрүүдө?

Sputnik
Мектептерде окуучулар ортосундагы жаңжалдан улам орун алган бир нече кайгылуу окуяларга байланыштуу ИИМ башчысы Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жолугуп, мектептердеги коопсуздук чараларын талкуулашты. Бул жолугушуудан кийин өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун штаты көбөйүп, мектептерде жашы жете электер менен иштеген инспекторлордун кабинеттери ачылары кабарланды. Муну менен катар, видеокөзөмөл, тез билдирүү үчүн "коопсуздук баскычтары" коюлары айтылды.
Бүгүнкү “Ачык кеп” программасында дал ушул өзгөрүүлөр тууралуу маектештик. Биздин суроолорго ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүсү Нурлан Токтоахунов жооп берди.