Бишкек шаарынын мэриясы бир катар айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда таштанды таштаган, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга, калдыктарды өрттөгөндөргө, белгиленбеген жерде соода кылгандарга айыптарды көбөйтүү каралган. Ошондой эле көрктөндүрүү жана таштанды таштоо боюнча салынган айып пулду 30 күндүн ичинде төлөгөндөргө 70 пайыз жеңилдик берүү сунушталууда.
Бүгүнкү “Күн башат” программасында аталган мыйзам долбоору тууралуу сүйлөштүк. Биздин суроолорубузга Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Азат Ракымов жооп берди.