Жалал-Абадда согуш ардагерлерине Жеңиштин 80 жылдыгы медалы тапшырылды

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерин Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттукташты.
Оштогу "Русский дом" борборунун мүчөлөрү ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү Мамасали Жумаев менен Мурза Далиевдин үйлөрүнө барган. Карыяларга Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы медалдары менен белек-бечкек тартууланды.
1 / 3

Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерин Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттукташты

2 / 3

Оштогу "Русский дом" борборунун мүчөлөрү ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү Мамасали Жумаев менен Мурза Далиевдин үйлөрүнө барган

3 / 3

Карыяларга Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы медалдары менен белек-бечкек тартууланды

Мурза Далиев быйыл 100 жашка чыгат. Учурда Жалал-Абадда эки ардагер жашайт.
Кол баштаган Ысакбек Мониев. Кыргыздын туңгуч генералын эскерүү