Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Зеленскийдин шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин "Россия 1" телеканалындагы "Москва. Кремль. Путин" программасынын автору Павел Зарубин менен маектешип жатып айтты.
"Киев режиминин азыркы жетекчисинин шайлоодо жеңип чыгууга эч бир мүмкүнчүлүгү жок", — деген РФ лидери.
Видеону толугу менен журналисттин Телеграм каналынан көрүүгө болот.
Путин объективдүү маалыматтарга ылайык Зеленскийдин рейтинги саясий атаандаш болушу мүмкүн делген Залужныйдан (Украина Куралдуу күчтөрүнүн мурунку командачысы) эки эсе төмөн экенин белгиледи.
"Акылга сыйбаган саясий мүнөздөгү буйруктары менен Киев режиминин азыркы жетекчиси Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн ылайыксыз фигура болуп калды. Буйруктар эмнеге негизделип жатканы белгисиз. Мунун кесепетинен украин армиясы орду толгус, кабыл алгыс жоготууларга дуушар болуп жатат", — деди РФ лидери.
Путин Россия менен сүйлөшүүлөргө мыйзам чегинде тыюу салып Зеленский өзүн туңгуюкка кептеп салганын белгиледи. Президенттин айтымында, ал учурда Украина армиясынын, коомчулугунун жана жалпы мамлекеттин бөлүнүп-жарылышын шарттаган фактор болуп турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Өз ара ишеним зарыл. Путин Украина жаңжалы канткенде жөнгө салынарын айтты