Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Украина маселеси Россиянын пайдасына чечилерин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Франция лидери Эммануэль Макрон менен жолугушуудан кийин берген маалымат жыйында Украина маселеси Россиянын пайдасына чечилерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Келишим негизинен Россияга пайдалуу болот. Биз буга жетишебиз", — деген Трамп.
АКШ жетекчиси кырдаал жөнгө салынарынан күмөн санагандар өтө көп экенин, бирок өзү Россия президенти Владимир Путиндин тынчтык орнотуу каалоосуна ишенерин белгиледи.
Муну менен бирге Трамп Украина жаңжалын чечүү боюнча иштер кыйла илгерилеп жатканына токтолгон. Ал РФ лидери менен үзбөй байланышып жатканын кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Өз ара ишеним зарыл. Путин Украина жаңжалы канткенде жөнгө салынарын айтты