Кыргызстандын бардык регионундагы стадиондор реконструкциядан өтүп, модернизацияланууда. Аны менен катар жеңил атлетиканын өнүгүшүнө шарт түзүлүп, эл аралык стандарттарды эске алып, чуркоо аянтчалары да камтылат. Бул тууралуу Мелис Надыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жеңил атлетика спорттун приоритеттүү алты түрүнө кирип, мамлекеттик колдоо жогору.
"Кыргызстандын жеңил атлетикасынын тарыхы бай. Бирок советтик мезгилдегидей биздин спортчулардын эл аралык деңгээлдеги жогорку көрсөткүчтөрү көп эмес. Ага инфратүзүмдүн жоктугу да таасир берүүдө. Жеңил атлетиканын 47 түрү бар. Чуркоодон тышкары, техникалык түрлөрүн да өнүктүрүү керек. Дүйнөлүк деңгээлде болбосо да Орто Азияда көрсөткүчтөрүбүз жакшы. Учурда ар бир региондогу стадиондор реконструкциядан өтүп, модернизацияланууда. Аны менен катар жеңил атлетиканын өнүгүшүнө шарт түзүлүп, эл аралык стандарттарды эске алып, чуркоо аянтчалары да болот. Жакында эле жабык имаратта жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты өтүп, жылдан-жылга атаандаштык жогорулап жатканын көрүүдөбүз", — деди Надыров.
Ошондой эле ал жеңил атлетика машыктыруучуларын даярдоо боюнча иш алып баруу керектигин, айлык акысы өтө аз болгондуктан аларды жумушка чакыруу кыйын болуп жатканын кошумчалады.