БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин АКШ менен Украинанын сейрек кездешүүчү кен байлыктар, металл боюнча макулдашуусунун Россияга эч кандай тиешеси жоктугун айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Бул бизге тиешелүү эмес. Ал темада ойлоп, баа берүүгө каалоом да жок. Албетте, бул ресурстардын канча турарын жана канчалык реалдуу экенин баалап, карап чыгууга болмок. Бирок дагы бир ирет кайталайын, бул биздин иш эмес", — деген Путин журналист Павел Зарубиндин "Россия 1" телеканалындагы "Москва. Кремль. Путин" программасында сүйлөп жатканда.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 3-февраль күнү Вашингтон аскердик жана финансылык колдоосу үчүн Киевден сейрек кездешүүчү металл жеткире турган кепилдик күтүп жатканын билдирген. The Washington Post гезити аткаминерлерге таянуу менен 14-февраль күнү Зеленский менен Мюнхенде жолуккан америкалык аткаминерлер Украинанын казыла элек минералдык ресурстарынын 50 пайызына ээлик кыла турган документти сунушташканын жазды. Эртеси Зеленский АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнске макулдашууга кол койбой турганын айткан.
Ал арада АКШ президентинин кеңешчиси Майк Уолтц 21-февраль күнү Зеленский сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кайтып келиши керектигин айтып, ал күн алыс эмес экендигине ишеним арткан.