Путин: Украинанын кол салчу аянтча сымал колдонулушуна каршыбыз

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россиянын Украина мамлекеттүүлүгүнүн сакталышына эч кандай жаман ою жок, бирок бул аймак РФ үчүн касташкан аянтча катары пайдаланылбашы керек. Бул туурасында өлкө президенти Владимир Путиндин айтканын РИА Новости жазды.
"Аларга (Украина мамлекеттүүлүгүнүн сакталышы — ред.) терс эч нерсе айтпайбыз. Албетте, бул аймак Россия Федерациясына кол сала турган плацдарм катары, бизге касташкан аянтча сымал колдонулбаса дейбиз. Акыр-аягы достук мамиледеги коңшу өлкөгө айланышын каалайбыз", — деген Путин журналист Павел Зарубиндин "Москва. Кремль. Путин" программасында интервью берип жатканда.
Маектешүүнү толук журналисттин Телеграм каналынан көрүүгө болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Зеленскийдин шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок