Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Өз ара ишеним зарыл. Путин Украина жаңжалы канткенде жөнгө салынарын айтты

РФ лидери Владимир Путин
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россия менен АКШ Украина жаңжалын жөнгө салуу үчүн алгач өз ара ишенимди жогорулатууга аракет кылышы керек. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин "Россия 1" телеканалындагы "Москва. Кремль. Путин" программасынын автору Павел Зарубин менен маектешип жатып айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Оор, айрым учурда курч маселелерди, ошол эле украин көйгөйүн чечүү үчүн Россия да, АКШ да кадам шилтеши керек. Кандай мааниде? Алгачкы аракет эки өлкөнүн бири-бирине болгон ишенимин жогорулатуу үчүн жасалышы кажет", — деди Путин.
Президент муну менен бирге Украина боюнча сүйлөшүүлөргө Европанын катышуусу зарыл экенин белгилеген. Ошол эле учурда Путин айрым европалык лидерлер убагында Киевге толгон-токой убада берип койгонуна, эми андан баш тартуу кыйла оор болоруна токтолгон.
Өлкө башчы Россия менен Европанын мамилеси тууралуу суроого да жооп берди.
"Алакалашуудан алар өздөрү баш тартты. Мамилени калыбына келтиребиз дешсе, биз даярбыз. Албетте, Россиядан эч нерсе талап кыла алышпайт. Миңдеген жылдар бою вассалдарынан көп нерсе талап кылып келип келишти, эми тескерисинче, алардан талап кылып жатышат. Европа мындай абалга кантип жеткенин жакшылап ойлонуп көргөнү оң", — деди Путин.
БУУнун Башкы Ассамблеясы. Архив
АКШ БУУ БАсынын Украина боюнча резолюциясын колдоодон баш тартты