Ошто катуу таасир этүүчү дарыларды Өзбекстанга мыйзамсыз ташыган топ кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Ошто катуу таасир этүүчү дарыларды Өзбекстанга аткезчилик менен ташыган топ кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип кармалган жети адамдын бешөө убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Кармалгандардан ири өлчөмдөгү катуу таасир этүүчү дары-дармек алынган. Аларды Саламаттык сактоо министрлигинин рецепти менен гана сатууга мүмкүн. Жалпы баасы 5,5 миллион сомду түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын экөө дарыканаларда сатуучу экени кошумчаланды.
Бишкекте эс-учун жоготуп талаада жаткан окуучулардын видеосу тарады