БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Украина боюнча добуш берүүсү украин кризисинин түпкү себептерин жоюу зарылдыгын түшүнүү акырындык менен “жолго түшүп жатканын” көрсөттү. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Иранга жасаган сапарында билдиргенин РИА Новости жазды.
“Кечээ БУУнун Башкы Ассамблеясында (БУУ – ред.) өткөн иш-чара өтө маанилүү бир нерсени көрсөттү. Тагыраагы, адегенде кризистин түпкү себептерин жоюуга багытталган иштер аткарылышы керек деген түшүнүк кирди”, — деди ал.
Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши АКШ сунуштаган украиналык жөнгө салуу боюнча резолюцияны жактырган. Резолюциянын авторлору "Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал адам өмүрлөрүн алганына кейип", БУУнун башкы максаты "дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, коопсуздук камсыздалып, көйгөйлөрдүн тынч чечилишине жетишүү" экенин айтышкан. Муну менен бирге чырды токтоосуз аягына чыгарып, "Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык орнотууга" чакырышкан.