БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Ошто турак үйдөн чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Киров айылындагы үйдөн түнкү саат үчтөрдө өрт чыккан.
Алдын ала маалымат боюнча, өрт электр жылыткычынан чыгып, натыйжада болжол менен 50 жаштагы эркек киши каза болгон.