Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча ЕАЭБде лидер болууда

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча ЕАЭБде лидер болууда. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылган.
Ага ылайык, былтыр өлкөнүн ИДПсы тогуз пайызга, ал эми жалпы уюм боюнча 4,2 пайызга өскөн.
"ИДПнын өсүшү Арменияда алты пайыз, Казакстанда 4,8 пайыз, Россияда 4,1 пайыз жана Беларуста төрт пайызга жеткен", — деп айтылат маалыматта.
Радио
Мамытов: Кытай — Кыргызстан алакасы ЕАЭБди эске алуу менен жүрүшү керек