Караколдо үйүнөн машинаны уруксатсыз айдап кеткен өспүрүм каза тапты

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Каракол шаарында жол кырсыгынын кесепетинен өспүрүм каза болду. Бул тууралуу ЖКККБ билдирди.
Кырсык 22-февраль күнү саат 16:40тар чамасында болгон. Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип даракты сүзгөн.
"Рулду башкарып бараткан 16 жаштагы М.Ч. аттуу өспүрүм чоң атасынын машинасын уруксат сурабастан айдап кеткен. Күчүков көчөсүнө жеткенде рулду башкара албай даракты сүзгөн. Айдоочу мүрт кетсе, дагы үч өспүрүм ооруканага жеткирилген", — деди ЖКККББ.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына 2009 жана 2010-жылкы төрт өспүрүм түшкөнүн билдирди.
"Учурда бейтаптардын бири хирургия бөлүмүндө жатат. Анын боору жарылып, курсагы жабыркап, операция жасалган. Абалы орточо оор деп бааланууда. Экинчисинин мээси чайкалып, омурткасы сынган. Үчүнчүсүнүн дагы мээси чайкалып, көзү жабыркап, буту сынган", — деди министрлик.
Текшерүүдөн кийин үчүнчү бейтап амбулатордук дарыланууга чыгарылган.
Бишкек — Ош жолунда сөөк алып бара жаткан унаа кырсыктап, үч киши каза болду