БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча резолюциясы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракет көрүүгө жол ачат. Бул тууралуу Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя билдиргенин РИА Новости жазды.
"Кабыл алынган текстти кынтыксыз деп айта албасак да келечекке багыт алуунун алгачкы аракети, жаңжалды ырбатпай тынчтыкка умтулчу кадам деп билебиз", — деген ал.
Эскерте кетсек, буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын украин маселесин жөнгө салуу боюнча резолюциясын колдоп берген. Кеңештин мүчөлөрү "Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал адам өмүрлөрүн алганына кейип", БУУнун башкы максаты "дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, коопсуздук камсыздалып, көйгөйлөрдүн тынч чечилишине жетишүү" экенин айтышкан. Муну менен бирге чырды токтоосуз аягына чыгарып, "Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык орнотууга" чакырышкан.
Бир күн мурун БУУнун Башкы Ассамблеясы да антироссиялык маанайдагы өзгөртүүлөр киргизилген америкалык документти бекитип, мындан улам резолюция бейтараптуулуктан четтеп кеткен. Небензя аны "антироссиялык кагаз" деп атаган.
Эскерте кетсек, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы — Башкы Ассамблеяныкынан айырмаланып милдеттүү түрдө аткарылышы керек болгон документ.