Өкмөт мунайды Казакстандан бажы алымысыз ташып келүүнү көздөөдө

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Казакстандан Кыргызстанга мунайды бажы алымы жок киргизүүнү макулдашуу — маанилүү кадам. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Ал Астанага жасаган расмий сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолгушкан. Анда жүк ташуу, бизнес жана эки тараптуу сооданы жакшыртуу боюнча кеп болгон.
"Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарысыз жеткирүү боюнча документти макулдашуу маанилүү кадам болуп саналат. Мындан тышкары, Казакстандын Алматы облусунда жашылча-жемиштерди сактоочу соода-логистикалык кампа түзүлсө товар алмашууну жакшыртып, биздин өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздайт", — деген Касымалиев.
Ал ошондой эле Казакстан Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин, былтыр эки өлкөнүн товар алмашуусу 1 млрд 340 млн долларга жеткенин айтты.
Пресс-борбор
Борбор Азияда суунун тартыштыгы күчөйт. Эксперттер эмне сунуштоодо