26-февралга карата аба ырайы

26-февралда аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Шаршембиде республиканын тоолуу райондорунда кар жаайт. Туман түшүп, жолдор тоңот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 0…+5, Талас өрөөнүндө -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +1…+6, Ысык-Көл жеринде +4…9, Нарын чөлкөмүндө +2…+7 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +3…+5 градусту көрсөтөт.
Кар жаап, күн сууктайт! Кыргызгидрометтин эскертүүсү