Көздүн көрбөй калышына себеп болгон глаукома жана катаракта орууларынын айырмачылыктары эмнеде? — анын себептери жана белгилери

Sputnik
Катаракта - бул көздүн көрүү функциясынын төмөндөшүнө алып келет. Тагыраагы анда адам бир нерсени ачык көрбөй калат. Ал операциясыз дарыланбайт. Аны азыркы тапта заманбап жана коопсуз технологиялардын жардамы менен баштапкы этапта эле алып салуу керек. Операция 15 мүнөтгө созулуп, андан кийин бейтап дароо көрүү мүмкүндүгүнө ээ. Бирок толук калыбына келүү бир айга созулат. Ал эми глаукомада болсо көздүн ичиндеги басым туруктуу же мезгил-мезгили менен жогорулап турат. Көз нервинин басымы норма боюнча 18-24 болушу шарт. Көздө глаукома пайда болгондо 80ге чейин көтөрүлгөн учурлар кездешет. Өлкөдө аталган дарттар менен ооругандар көп экенин жана ага 40 жаштан жогору курактагылар чалдыгарын көз дарыгери Айжана Алибиева айтып берди.