Жылдык айыптардын суммасы 100 миллионго жетет - Экологиялык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөш кандай жүрүүдө?

Sputnik
Бишкекте экологиялык эрежелерди бузгандарга карата атайын рейддер уюштурулуп, текшерүү иштери жүрүп жатат. Анын алкагында техникалык тейлөө станциялары, мончолор, сауналар текшерилүүдө. Жыл башынан бери бул рейддин алкагында ондогон протокол түзүлүп, жүз миңдеген айып пулдар салынган.
Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында борбор калаада экологияны бузгандарга каршы күрөш кандай жүрүп жатканы тууралуу сүйлөштүк. Биздин суроолорубузга Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын жетекчисинин орун басары Касымбек Керимов жооп берди.