Мыйзам 2024-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Президент 2025-жылдын башында биологиялык коопсуздук мыйзамына кол койду. Аталган мыйзам Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргызстанда биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы укуктук ченемдерди, ошондой эле калкты жана айлана-чөйрөнү биологиялык агенттердин таасиринин жана заманбап биотехнология азыктарын пайдалануунун ыктымалдуу жагымсыз кесепеттеринен коргоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди белгилейт.
Кыргызстан Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу конвенцияга жана биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясына карата биокоопсуздук боюнча Картахен протоколуна кошулган.
Программанын меймандары айыл чарба, медицина жаатындагы мыйзамга байланыштуу маселелер тууралуу маалымат берди.