БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Улуттук банк 45 миллиард 696 миллион сом кирешесин республикалык бюджетке которот. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Маалыматка ылайык, анын 35 миллиард сомун Мамлекеттик ипотекалык компания алат. Калган каражат Турукташтыруу фондуна бөлүнсө, 1 миллиард сом Улуттук банкка кайтарылары айтылган.
Эске салсак, Улуттук банк 2023-жылдын жыйынтыгы менен бюджетке 12 миллиард 436 миллион сом которгону кабарланган. Анда банктын кирешеси негизинен алтын сатуу жана сатып алуудан, интервенциялар аркылуу табылган 7 миллиард сом "Керемет банкты" сатуудан түшкөнү кошумчаланган.