БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан 2031-жылы Азия кубогун биргеликте өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, биргелешкен арыз Азия футбол конфедерациясына жөнөтүлдү.
АФК талабына ылайык, аталган турнирдин ачылыш жана финалдык оюнун өткөрүү үчүн стадионго 50 миңден кем эмес адам батышы керек. Бишкекте курулуп жаткан стадион ачылганда 51 миң күйөрман батат.
“Борбор Азия мамлекеттери менен бирге континенттик мелдешти кабыл алуу чоң сыймык. Бул коңшу мамлекеттер менен достукту бекемдеп, эл аралык аренада Кыргызстандын кадыр-баркын жаңы деңгээлге чыгарат”, — деди КФБ президенти Камчыбек Ташиев.
Мелдешке билдирме берүү жана турнирди кабыл алуу процесси бир нече баскычтан туруп, жыйынтыгы 2026-жылы белгилүү болот. Аталган мелдешти өткөрүү каалоосун азырынча Кувейт, Индонезия жана БАЭ билдирген.