Кыргызстандагы мектептерде 1-класстан баштап илим сабагы кирет

Биринчи класстын окуучулары. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 1-класстан 9-класска чейинки окуучулар үчүн илим сабагы киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү академиясынын вице-президенти Мелис Музулманов билдирди.
Анын айтымында, бул предметтин ичине химия, биология, физика сабактары кирет.
"Илим сабагы 1-класстан 9-класска чейин окутулат. Азырынча бул үч предмет боюнча мугалимдер бир китептин алкагында окута берет. Кийинчерээк илим сабагы боюнча атайын адистер университеттер менен биргеликте даярдалат", — деди ал.
Ал эми 10-11-12-класстарга химия, биология, физика сабактары профилдик окутуу катары өзүнчө өтүлө баштайт.
1-класстын окуучулары. Архив
12 жылдык окутуу: орун тартыш мектептин 1-класстарын бала бакчада окутуу каралууда