Алсыраган Украина, АКШ менен кызматташчу багыттар. Лавров эмнелерге токтолду

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Учурда Украинанын жетекчилиги акча жасап алуудан башка эч нерсеге жарабай турат. Мындай пикирин РФ ТИМ башчысы Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазды.
Эске салсак, министр Түркияда иш сапар менен жүрөт.
Төмөндө Лавровдун айткандарынын кээ бир учурларына токтолмокчубуз:
Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Киевдин НАТОго кирбей турганы боюнча ишенимдүү макулдашуу керек;
бир топ өлкөлөрдүн Украина маселесин жөнгө салууга карата "көзү ачылды". Москва бардык багыттар боюнча Вашингтон менен байланыштарды улантат;
бул аптада Россия менен АКШнын ортосунда эки мамлекеттин элчиликтеринин ишин жөнгө салып, кадимки калыбына келтирүү үчүн талкуу, консультация өтөт;
2022-жылдын апрелиндеги Стамбул келишимдеринин долбоору украин кырдаалын жөнгө салууга негиз болушу ыктымал;
АКШ аскерлеринин Сириядагы турушун оң баалоо кыйын. Андан сырткары, бул нерсенин (чоочун аскерлердин болушу — ред.) Сириянын Улуттук жалпы жыйынын даярдоого жана өткөрүүгө кандайча ылайык келери азырынча түшүнүксүз;
учурда Украинанын жетекчилигинин колунан акча тапканга умтулуудан башка эч нерсе келбей, өлкөнүн чыныгы көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмсүз болуп калды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Киевдин НАТОдон баш тартканына толук ынанышыбыз керек