Экс-депутат жана дагы 10 киши башаламандык уюштурууга шектелип кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Массалык башаламандык уюштурууга шектелген 11 адам кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты бар.
"2024-жылдын 20-декабрында "Кырк уруу жети дубан ынтымагы" коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү массалык башаламандык уюштурууга багытталган жолугушууларды байма-бай өткөрүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Алар өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, аталган бирикменин айрым мүчөлөрүнүн үйлөрү тинтүүгө алынган. Анын жүрүшүндө граната, курал-жарак, ок-дары, аскердик кийимдер, диний адабият, массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча нускамалар жана башка буюмдар табылган.
Шектүү катары кармалган 42, 46, 50, 56, 57, 58, 62, 64, 69 жаштагы кишилер жана 60тагы эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Транспорт департаментинин башкы адиси пара менен кармалды. Видео