Кожентте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн президенттери жолугат

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. 31-мартта Кожентте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн президенттеринин үч тараптуу саммити өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-сессиясында билдирди.
Анын айтымында, кыргыз-тажик чек ара сызыгынын макулдашылганы —"дипломатиянын жана саясий эрктин тарыхый салтанаты".
"Бул макулдашуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун көрөгөч жетекчилигинин, анын аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тынымсыз аракеттеринин аркасында мүмкүн болду. Биз эң татаал маселелер да диалог, өз ара урматтоо жана ишеним аркылуу чечиле тургандыгын далилдедик", — деди Байсалов.
Ал ошондой эле Кожентте боло турган мамлекет башчылардын жолугушуусу тарыхтагы биринчи үч тараптуу саммит экенин кошумчалады.
Байсалов Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү адам укуктарын коргоо тууралуу да учкай кеп кылды. Ал Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш мамлекеттик институттарды бекемдеп, адам укуктарын коргоодо маанилүү инструмент болгонун белгиледи.
Мындан тышкары, Байсалов дүйнө коомчулугун Палестинадагы кырдаал боюнча чечкиндүү аракеттерди жасоого чакырып, палестин калкын мажбурлап көчүрүү сунушун этникалык тазалоо деп атады.
Ташиев менен Ятимов чек ара боюнча билдирүү жасашты