12 жылдык окутуу: орун тартыш мектептин 1-класстарын бала бакчада окутуу каралууда

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. 12 жылдык окуунун алкагында Бишкекте орун тартыш болгон мектептердеги 1-класстын балдарын бала бакчанын имаратында окутуу каралууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулова билдирди.
Анын айтымында, учурда талдоо иштери жүрүп жатат.
"12 жылдык билим берүүгө өтүү үчүн ар бир мектепте канча бош орун бар, канчасы жетишпейт деп талдап жатабыз. Бишкек, Ош шаарларында, Жалал-Абад, Чүй, Ош облустарында орун жетишпеген мектептер бар. Ар бир шаар аны чечүү жолдорун өзүнчө карап жатат. Мисалы, Бишкекте 2-3 мектепти бир бала бакчага бекитүү сунушталууда. Ал мектептер бала бакчадан бир нече кабинетти ижарага алып, мугалимдер ошо бакчага барып 1-класстарга сабак берет. Бишкектин Билим берүү департаменти жетпеген орундарды куруп бүткүчө ушундай жол менен окута туралы деп жатат", — деди Солтогулова.
Белгилей кетсек, 2025-2026-окуу жылы 12 жылдык билим берүүнүн 1-этабы башталып, 2019-жылы төрөлгөндөр 1-класска, 2018-жылы төрөлгөндөр 2-класска отурат. Тактап айтканда, "Наристе" программасы (нөлүнчү класс) менен окуп жаткандар жана бала бакчаларда даярдоо тайпасындагы 6 жаштагы балдар 2-класска отурса, даярдоодон өтпөгөн, бала бакчадагы жогорку тайпадагы 5-6 жаштагы балдар 1-класска барышат.
Билим берүү министри "Алтын тамга" тести жоюларын айтты