Бишкекте эс-учун жоготуп талаада жаткан окуучулардын видеосу тарады

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкекте окуучулар эс-учун жоготуп талаада жаткан видео тарады.
Маалыматка ылайык, окуя Ак-Ордо жаңы конушунда тартылган. Анда эки өспүрүм белгисиз заттын таасири менен эс-учун билбей жатканы тартылган.
Жергиликтүү тургундар балдар клей жыттап же психотропттук заттарды колдонгонун божомолдошууда. Ата-энелери чакыртылып, балдарды Тез жардам кызматы алып кеткен.
Милиция окуя териштирилип жатканын кабарлап, ата-энелерди балдарды жана алардын айланасын тыкыр көзөмөлдөөгө чакырды.
Барскоондо өмүрүнө кол салып ооруканада көз жумган окуучу кыз. Мугалим кармалды