Кыргызстандан ЕАЭБге колбаса экспорттогон ишканалардын саны 25ке жетти

Супермаркеттин колбаса бөлүмүндө сатып алуучулар. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстан соңку беш жылда ЕАЭБге колбаса экспортун көбөйттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигининен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, улуттук реестрдеги эт жана колбаса өндүргөн 38 ишкананын 25и ЕАЭБ аймагында продукциясын сатууга уруксат алган.
Колбасанын өндүрүшү төмөнкүдөй өскөн:
2022-жылы — 12 621,5 тонна;
2023-жылы — 16 964 тонна;
2024-жылы — 23 427,9 тонна өндүрүлүп, 1 103,3 тоннасы экспорттолгон.
Кыргызстанда өндүрүлгөн колбаса негизинен Казакстанга, Россияга жана Өзбекстанга экспорттолору кошумчаланды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана экспорт башкармалыгынын экспорт, интеграция бөлүмүнүн башчысы Назгүл Каарбаева
Радио
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба азыктарын экспорттоону көбөйтөт