АКШ БУУ БАсынын Украина боюнча резолюциясын колдоодон баш тартты

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. АКШ БУУнун Башкы Ассамблеясынын Украина боюнча резолюциясынын долбоорун колдоодон баш тартты. Бул тууралуу АКШнын БУУдагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Дороти Ши билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз Украинанын резолюциясын колдой албайбыз жана аны кайтарып алууга чакырабыз", — деди ал Башкы Ассамблеянын трибунасынан.
Өткөн жумада Киевдин өнөктөштөрү: Улуу Британия, Франция, Германия, Канада, Швейцария, Польша, Балтика өлкөлөрү жана башкалар автор болгон резолюциянын долбоорунда Москваны "бардык аскердик күчтөрүн Украинанын аймагынан күтүүсүз чыгарып кетүүгө" жана согуштук аракеттерди токтотууга чакырык жасалган. Атайын операция башталгандан бери биринчи жолу АКШ Украина боюнча Башкы Ассамблеянын резолюциясынын долбооруна авторлош болуудан баш тартты.
Вашингтон анын ордуна өзүнүн, нейтралдуу вариантын сунуштады. Анда Батыштын адаттагы “тили” колдонулган эмес, тагыраагы, чатак “россия-украина жаңжалы” делип, аны батыраак токтотууга жана Украина менен Россиянын ортосунда бекем тынчтык орнотууга чакырык жасалган.
Мамлекеттик катчы Марко Рубио бул резолюциянын долбоорун "тарыхый документ" деп атады. Айтмакчы, Москва ага кризистин негизги себептерин жоюу тууралуу түзөтүүсүн киргизди.
Эки документ добуш берүүгө бүгүн коюлат.
БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Украина боюнча сунуштаган резолюциясына добуш берет