Кыргыз-кытай экономикалык алакасы. Кытай менен сүйлөшүүлөр бир эле Кыргызстандын эмес, ЕАЭБдин деңгээлинде жүрүшү керек

Sputnik
Февралдын башында президент баш болгон кыргыз делегациясы Кытайга мамлекеттик иш сапар менен барып кайтышты. Бир топ алгылыктуу келишимдерге жетишилгени айтылды. Бирок айрым эксперттер кыргыз тарап учурдан пайдаланып. Кошуна өлкөдөн ири маанидеги бизнестерди курууга көмөк алса болорун айтышат. Кыргыз-кытай экономикалык алакасы кайсы өңүттө баратат? Эмне үчүн кошуна мамлекет Кыргызстанга кызыкдар? Географиялык жактан маанилүү жерде жайгашкан Кыргыз Республикасы эмнеси менен Кытай Эл Республикасын тарта алат?
Ушул жана башка маселелер бүгүнкү “Экономикалык панорама” уктуруусунда.