Каныкей: Наамдардын жоопкерчилиги көп, жүгү оор

Sputnik
Каныкей бир убакта оригиналдуу үнү, өзгөчө ырлары менен элге жарк этип таанылган. Кийинүү стили, ырдоо ыргагы мезгилдин жаңырыгы болгон ырчы азыр Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын солисти. Ал жерде аткарган элдик ырлары көпчүлүктүн көңүлүно толуп, ырчынын күйөрмандарынын катары калыңдап жаткан учур. Муну менен бирге Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик, академиялык эл аспаптар оркестринин жамааттык директору кызматын дагы аркалап келет. Каныкей менен ыр дүйнөсү, чыгармачыл адамдарга түзүлгөн шарттар, келечекке пландары тууралуу маектештик.