“Кепилдик фонд” мамлекеттик ипотекадан үй алчуларга 30 пайызга чейинки баштапкы төлөмгө кепилдик берет

Sputnik
“Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунун төрагасы Малик-Айдар Абакиров ишкерлерге эле эмес, ипотекага үй, автоунаа алууну каалагандарга да кепилдик берүү максатында мыйзамга толуктоолор киргизилгенин айтты. Анын натыйжасында өндүрүш тармагы гана эмес, ипотекага үй алгандарга да кепилдик берүү каралган.
Мейманыбыз менен “Ачык кеп” программасынын алкагында кепилдик берүүнүн механизмдери, мыйзамга кирген өзгөртүүлөр жана ишкерлерликти колдоо жаатында баарлаштык.