Улуу Ата Мекендик согушта жеңиш миңдеген эрдиктердин аркасында жетишилген. Бирок, 1941-жылдын ноябрь айында болгон “28 Панфиловчунун эрдиги” өзгөчө орунда турат. Анткени бул жоокерлер душмандан Москваны эле сактап калбастан, кызыл армиянын рухун көтөрүп, эрдиктерге шыктандырууга болуп көрбөгөндөй салым кошкон. Эрдиги менен тарыхта калган баатырлардын бири кыргызстандык Дүйшөнкул Шопоков. 26 жашында топурак жазданган жоокер “Советтер союзунун баатыры” наамын алган алгачкы кыргызстандык.
Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында Дүйшөнкул Шопоков тууралуу маектештик. Студиябыздын коногу Дүйшөнкул Шопоков атындагы музейдин жетекчиси Баян Эдилбек кызы.