Жер кодексинин жаңы редакциясы эмнелерди камтыйт — жарандар эмнеге нааразы?

Sputnik
Жогорку Кеңеште Жер кодексине түзөтүүлөр үч окууда кабыл алынды. Долбоордун демилгечиси Министрлер кабинети. Андагы айрым ченемдерге нааразы пикирлер айтылды. Жер кодексинин жаңы редакциясы эмнелерди камтыйт? Кандай өзгөртүүлөр кирип жатат? Бул суроолорго Жер маселелери боюнча көз карандысыз эксперт, Жер кодексин иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөсү Гүлзат Наматбекова жооп берди.