Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Улуу Жеңишке 80 жыл. Фронтко ок-дары, парашют жөнөткөн кыргызстандыктар

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстанга нечендеген завод-фабрика эвакуацияланганы маалым. Апааттуу күндөргө карабастан өндүрүш тыным албай, кан майданга продукция жөнөтүү үзгүлтүккө учураган эмес.
Sputnik
1941-жылы ноябрда Луганск шаарындагы заводдун ок-дары чыгарган бир бөлүгү Фрунзеге көчүрүлүп, борбор калаадагы ремонт-механикалык мастерской жана тамеки чыгарган фабрикага жайгаштырылган. 1942-жылы январда бул завод ок чыгара баштаган. Жумушчулар үч смена менен иштеген. Алар Фрунзенин "Шанхай", "Лондон" жана "Жумушчу шаарчасы" аттуу конуштарында жашашчу. Душманга карата атылган ар бир үчүнчү ок Ак-Түздөгү коргошун кенинен чыккан. Оштогу жибек комбинаты аба-десант аскерлерин парашют менен камсыздаган.
Төмөндөгү сүрөт түрмөктө кыргызстандыктардын жеңишти жакындатууга кошкон салымы баяндалат.
1 / 10

Кыргызстандыктар панфиловчуларга белек тапшырууда. 1941-ж.

2 / 10

Кыргыз ССРинин эл артисти Сайра Кийизбаева жана белгилүү кыл кыякчы Саид Бекмуратов фронтто жоокерлер менен жолугушууда. 1942-ж.

3 / 10

Анна Соколова кан майданга аттанган эки бир туугандын ордуна трактор айдай баштаган. Беловодское, Фрунзе облусу, 1941-1942-жылдар.

4 / 10

Атчан панфиловчулар фронттун жанындагы айылды аралап өтүүдө, 1942-жыл

5 / 10

Осовиахимдин автоклубунун мотоцикл айдаган жоокерлери. Фрунзе,1942-жыл.

6 / 10

Кричев атындагы 385-аткычтар дивизиясынын саясий аскер кызматкерлери, 1943-жыл

7 / 10

Аялдар кан майдандагы жоокерлерди жылуу кийим менен камсыздоо үчүн жип ийрип жаткан учуру. Фрунзе, 1942-жыл.

8 / 10

Жумушчулар ок-дары чыгарып жаткан учур. Айыл чарба үчүн машина чыгарган Фрунзе атындагы завод. Фрунзе, 1943-жыл.

9 / 10

Сүт-эт комбинатынын алдыңкы жумушчуларына медаль жана орден тапшыруу аземи. Фрунзе, 1943-жыл.

10 / 10

Ысык-Көл аймагынын кулуну Николай Ничволод — беларус партизандарынын батальонун командири

Тема боюнча:
Ата Мекендик согушка катышкан, ооруктагы кыргызстандыктардын архивдеги сүрөттөрү
Улуу Жеңишке 80 жыл. Кыргызстан согушта Киев менен Минскиге кантип жардам берген