БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Барскоон айылында өз өмүрүнө кол салгандан кийин ооруканада көз жумган окуучу кыздын өлүмү боюнча мектептин дене тарбия мугалими кармалды. Бул тууралуу облустук соттон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окутуучу 15-февралда колго түшүрүлгөн.
Эскерте кетсек, каргашалуу окуя Барскоон айылында 5-февраль күнү болгон. 17 жашар кызды өмүрүнө кол салгандыгын дене тарбия мугалими көрүп калып, Жети-Өгүз райондук ооруканасына жеткирип, андан кийин Бишкектеги медициналык жайга которушкан. Тилекке каршы, өспүрүм 14-февралда каза болуп калган.
Милиция "Өзүнө кол салууга жеткирген" деген берене менен иш козгоп, экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүүдө.