БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы садага-битир берүүнүн тартибин жана өлчөмүн бекитти.
Ага ылайык, битирди буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай наркы менен берүү керек.
"Садага-битир берүүчү адам төмөндө көрсөтүлгөн баанын кайсынысын чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел", — деп жазылган маалыматта.
Муфтият садага-битирди эсептөөдө ошол учурдагы бааны карап берүүнү сунуштады.
Садага-битирдин өлчөмдөрү төмөнкүдөй (учурдагы баа менен):
буудай — 80 сом (1,6 килограмм);
ун — 128 сом (1,6 килограмм);
мейиз — 1 200 сом (1,6 килограмм);
арпа — 288 сом (3,2 килограмм);
курма — 2 880 сом (3,2 килограмм).
Эскерте кетсек, быйыл Орозо айы 1-мартта башталат. Таравих намазы 28-февралда окулат.