БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында 5-апрелде өтө турган "Жалпы жат жазуу" акциясына катышууну каалагандар чакырылат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
Маалыматка ылайык, быйыл жат жазуунун текстин "Ясная Поляна" сыйлыгынын финалисти, Ханс Кристиан Андерсен атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, жазуучу Марина Москвина даярдаган.
"Эгерде сиз филолог болсоңуз, өз аянтчаңызда жат жазуу уюштурууну кааласаңыз бизге кайрылыңыз. totaldikt.bishkek@gmail.com электрондук дарегибизге өнөктөш, ыктыярчы болугусу келгендер дагы кайрылса болот", — деп айтылган маалыматта.
Акциянын максаты — ар бир адамга орус тилин кандай билерин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү жана сабаттуулукка болгон кызыгуусун арттыруу. Алгачкысын 2004-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин студенттери өткөргөн. Бул диктантты жыл сайын ондогон өлкөлөрдө жүз миңдеген адам жазат.