Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ БУУда Украинадагы жаңжалдын башталышы үчүн РФти күнөөлөбөөнү чечти

Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. АКШ БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын жаңы долбоорунан кийин Украинадагы жаңжалдын башталышы үчүн Россияны күнөөлөөдөн баш тартты. Бул туурасында РИА Новости документтин долбооруна шилтеме берип жазды.
Анын ордуна АКШ өзүнүн "Тынчтыкка карай жол" аттуу жаңы резолюция долбоорун сунуштады.
Документ үч бөлүктөн турат:
Башкы Ассамблея “россия-украина жаңжалында” адамдардын курман болушуна терең кайгырат;
"жаңжалды” болушунча батыраак токтотууну өтүнөт жана Украина менен Россияны бекем тынчтыкка чакырат;
БУУнун негизги максаты — эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту сактоо жана талаш-тартышты тынчтык жолу менен чечүү.
Ошол эле маалда Вашингтон Батыштын адаттагы “тилин” колдонгон эмес, тагыраагы, “Россиянын Украинага басып кириши” деген сөздү колдонбостон, постсоветтик аймактан аскерлерди бир тараптуу алып чыгып кетүүгө чакырган эмес.
Ошол эле маалда Россия документке жаңжалдын негизги себептерин жоюу керектиги тууралуу өзгөртүүлөрдү киргизген.
Өткөн бейшембиде АКШ атайын операция башталгандан бери биринчи жолу БУУнун Башкы Ассамблеясынын Украина боюнча Россияга каршы резолюция долбоорун колдобой койгону маалым болду. Документте “ыкчам түрдө, постсоветтик республиканын аймагынан куралдуу күчтөрдү толугу менен алып чыгып кетүү” талабы жазылган. Деген менен документте БУУнун жобосу менен бекитилген бөлүк, элдин өз тагдырын өзү чечүүсү тууралуу эч нерсе айтылган эмес.
Башкы Ассамблея 2022-жылдын февралынан бери Украинадагы абалга арналган атайын сессиянын 11-чукул отурумун өткөрүп келет. Анын алкагында Киевдин позициясын колдогон, бирок Москванын кызыкчылыгына көз жумган алты резолюция кабыл алынган.
АКШнын мурдагы президенти Жозеф Байдендин маалында кабыл алынган бардык документте АКШ Улуу Британия, Франция, Германия, Канада жана башка батыш өлкөлөрүнүн катарында авторлордун бири болуп келген.
Трамп минералдар боюнча макулдашуу болмоюн, Украинда "көп көйгөй" чыгарын убадалады