Радио

Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба азыктарын экспорттоону көбөйтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана экспорт башкармалыгынын экспорт, интеграция бөлүмүнүн башчысы Назгүл Каарбаева ЕЭК жаңы техникалык регламенттерди иштеп чыгып жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстан 2025-жылы Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө айыл чарба азыктарын экспорттоону көбөйтөт. Бул тууралуу Назгүл Каарбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБде 2024-жылы жылпы 44 чечим кабыл алынса, анын он беши техникалык жөнгө салууга туура келет.
"ЕАЭБде 2024-жылы жылпы 44 чечим кабыл алынып, анын 15и техникалык жөнгө салууга, 16сы тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууга туура келет. Негизи уюмдун алкагында маанилүү маселелерди тез чечүүдө бардык тараптар кызуу иштерди жасап жатат. Учурда жаңы техникалык регламенттерди иштеп, тоскоолдуктарды жоюу боюнча аракеттер жүрүүдө. Кыргызстан 2025-жылы Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө айыл чарба азыктарын экспорттоону көбөйтөт. Кайра иштетүү, логистика жаатындагы иштерге көп көңүл бурулат", — деди Каарбаева.
Ошондой эле ал ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-декабрында беш миллиард долларды түзгөнүн кошумчалады.