Өзүмдү майыпмын деп эсептебейм. Параспортчу Бекбоосун Токтосун уулунун маеги

Бул ирет Sputnik Кыргызстан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн чектебеген кол күрөшчү Бекбоосун Токтосун уулун кепке тартты.
Sputnik
Биз аны менен өзү машыгып, андан тышкары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир нече жигитти акысыз машыктырган залга барып маектештик. Ачык-айрым сүйлөгөн Бекбоосун бала кезинен кеп баштап, өткөн жылы дүйнөгө дүң болгон грузиялык спортчу менен болгон окуяны, андан ары ыр жазуу өнөрү тууралуу дагы баяндады.
"Бирөөнү машыктыруудан дагы, өзүм машыгуудан дагы чарчабайм. Мага бул ырахат тартуулайт. Мага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштешкен жакшы, мен аларды түшүнөм. Мейли, алар чемпион болбой деле койсун, машыгуудан көңүлү көтөрүлүп, мотивация алып, ден соолугу жакшырып кетсе, ошол мен үчүн жеңиш", — деди ал.
Бекбоосун Токтосун уулу кол күрөштөн параспортчулар арасында Кыргызстандын үч жолку, Борбор Азиянын эки жолку чемпиону, ошондой эле дүйнөлүк чемпионатта эки ирет экинчи орунду камсыздаган.
Тема боюнча:
"Колуман келбейт" деген сөздү айтпаган блогер Жакшылыктын маеги