БИШКЕК, 22-фев.— Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп пайдалуу кен боюнча макулдашууга кол коюлбаса, Украинада “көп көйгөй” чыгарын убадалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Андыктан биз же келишим түзөбүз же биз менен (Украинанын – ред.) көп көйгөйү чыгат. Эми биз коопсуздукту камсыздоо үчүн келишим түзүшүбүз керек, буга милдеттүүбүз", — деген Трамп журналисттерге Ак үйдөн жооп берип жатып.
Ал ошондой эле Киев АКШга 400-500 миллиард доллар компенсациялоо боюнча милдеттенмеге батыраак кол коюлушу керектигин айтты.
"Өлкөнүн капчыгындагы каражатты бизден өтө эле алыс турган мамлекетке сарптоодобуз. Акчабызды артка ала албай жатабыз, мунун уланышын каалабайбыз”, — деген Трамп.
АКШ президенти буга чейин киев бийлигин америкалык каржылоо менен аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды алууга мүмкүнчүлүк берген макулдашууну үзгүлтүккө учуратты деп айыптаган.