БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы 25-февралда Ак-Босого конушунда ичүүчү суу өчүрүлөрүн эскертти.
Билдирмеге караганда, таза суу саат 9:00дөн 15:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки уюмдарда, саламаттыкты сактоо объектилеринде жок болот.
Мэрия бул күнү "Ак Босого-1", "Ак Босого-2" суу кампаларында жана суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөрүн белгилеп, ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан алдын ала кечирим сурады.