23-февралга карата аба ырайы

23-февралда күндүз өлкө боюнча жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жекшембиде республиканын айрым жерлеринде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Талас өрөөнүндө +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +14…+19, Ысык-Көл жеринде +5…+10, Нарын чөлкөмүндө 0…+5 градус болот.
Термометр Бишкекте +15…+17, Ош шаарында +16…+18 градусту көрсөтөт.
Күн 25 градуска чейин ысыйт. Мартка карата аба ырайы