БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда сөөк алып бара жаткан унаа кырсыктап, үч киши каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 21:30дар чамасында болгон.
"Сузак районундагы Ак-Тоок айылынын 51 жаштагы тургуну Р. уулу А. өзүнүн Honda Elysion унаасы менен сөөк алып бара жатып карама-каршы тилкеге чыгып кетип, 28 жаштагы Ж.А.А. башкарып келе жаткан жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Кырсыктан Honda Elysion унаасынын 50 жана 19 жаштагы жүргүнчүлөрү каза болгон. Айдоочу да жеринде көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү органдар кырсыктын себептерин тактап жатат.