БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Владимир Зеленскийди АКШны сындай бербей, көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу ал консерваторлордун конференциясынын алкагында журналисттер менен баарлашып жатып айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Американын жоомарттыгы болбосо Украина орду-түбү менен жок болуп кетмек.
"АКШнын жардамысыз Зеленскийдин өзү да, өлкөсү да жоголуп кетмек. Андан көрө рахмат айтсын. Эгер президент Трамп менен макул болбосо, Европанын ЖМКларын кыдырып кетпей биздин дипломаттар менен сүйлөшсүн. Анын ар кайсы жерде сын айтып жүргөнү өзү үчүн да, мен үчүн да, жалпы америка эли үчүн оор тиет", — деди Вэнс.
Эскерте кетсек, буга чейин Трамп да Зеленскийди Вашингтонго карата айтканы үчүн диктатор деп сындап, Украина АКШсыз Россия менен тынчтыкка келе албай турганын белгилеген.
Вэнс Зеленскийдин Трампты эл алдында каралай берүүсү АКШ лидеринин позициясын өзгөртпөй турганына токтолуп, Украина тарапка ачык диалогго өтүүнү сунуштаган.